super.kg logo

АКШда нааразычылык акциясына чыккандар Сиэтл шаарынын мэриясын басып алышты

 

АКШда расалык теңсиздикке каршы нааразычылык акциялары уланууда. Митингчилер Сиэтл шаарынын мэриясы менен борбордук кварталдарды басып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта акциянын катышуучулары ээлеп алган аймактарына полиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликти киргизбей жатышканы айтылат.

"Митингчилер Сиэтл шаарын өзүнчө автономдук республика катары жар салышкан. Атүгүл бир репэрди президент кылып шайлоо ойлорун айтышкан. АКШнын президенти аларды террорчу деп атап, чара көрүлөрүн билдирген. Азырынча мэрияны басып алгандарга карата күч колдонуу боло элек", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 25-май күнү 4 полиция кызматкери Жорж Флойд аттуу теги африкалык АКШнын жаранын жасалма чек колдонгон деген шек менен кармашкан. Полиция кызматкерлеринин бири аны жерге жаткырып, моюнуна бутун коюп алганын көрсөткөн видео тараган. Алгач "мен дем ала албай жатам" деп жалбарган Флойд бир аздан кийин эсин жоготкон. Аны "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып барышканы менен сактап кала алышкан эмес. Ал эми Флойдду кармаган полиция кызматкери Дерек Човин 29-майда адам өлтүргөн деген айып менен камакка алынган.
Жорж Флойддун өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, АКШнын бир катар шаарларында нааразычылык акциялары уюштурулган. Толкундоолор бүгүнкү күнгө чейин басылбай келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
12.06.2020. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
АКШ бут жердеги тонкорушторду уюштурган эми озунун башына келди.ошон учун айткан бироого кор казсан тайыз каз озун тушуп калбагын деп
12.06.2020. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Американын эли жинди экенда, ушундай күчтүү өнүккөн мамлекетте жашаганына шүгүр кылышпайбы, эми өздөрүнөн көрүшсүн, мамлекетинде дайыма талап тоноочулук, хаос болуп мамлекети жок болот!
12.06.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар деле Таластыктардай эле окшой.
13.06.2020. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул негрлер өттө начар калк экен. Чектен чыгып атышат.
14.06.2020. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
АКШ бир нече мамлекеттерге бөлүнүп кетишине тилектешмин)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: