super.kg logo
  Саясат  

Искендер Матраимов 3 айда элге жана өлкөгө "Исмаил Матраимов" фонду тарабынан берилген жардамдарды айтты

 

"Өлкөгө COVID-19 пандемиясы келгенден бери эл аралык уюмдар, жергиликтүү фонддор, мүмкүнчүлүгү бар мекенчилдер элден жана мамлекеттен жардамдарын аяган жок" дейт Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Ал акыркы үч ай аралыгында өлкөнүн башына түшкөн оорчулукта "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду тарабынан берилген жардамдарга токтолгон.

"Иним Райымбек Матраимовдун демилгеси менен "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду аркылуу биз дагы өз салымыбызды коштук.
Республикалык эсепке: 10 миллион сом,
Саламаттыкты сактоо тармагына: жасалма дем алдыруучу 19 жабдык, 20 000 экспресс-тест, 10 тепловизор, 500 коргоочу костюм, 500 коргоочу көз айнектер;
Аз камсыз болгон калктын катмарына: 1500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы, 250 миң бет кап;
Бишкек комендатурасына: 450 кап ун;
Рамазан айынын учурунда жаӊы конуштарда жашаган 10 миңдеген жардамга муктаждарга азыктар салынган баштыктар таратылды", - дейт Матраимов.

Ошондой эле ал пандемия учурунда адамдар башынан кечирген абалга да токтолгон.

"COVID-19... Жер жүзүн каптаган бул ылаӊдан дагы деле арыла элекпиз. Үч айга жакын убакыттан бери Кыргыз өлкөсү вирусттун кесепетин жоюу жана элдин саламаттыгы үчүн күрөшүүдө.

Пандемия каптаган алгачкы күндөр абдан эле оор болду. Көзгө көрүнбөгөн, дабасы жок апаат адамзаттын үрөйүн учурду. Жолдор жабылып, көчөдө кыбыраган жан жок, адам адамды көрсө алыстап качып калды. Карантин убагында ар бирибиз жакындарыбыздын саламаттыгын сактап калуудан башка эч нерсени ойлонбой да калдык. Мурдараак алдыга койгон максаттар, жакшы пландар жөнүндө дагы унуттук. Тек гана аман калалы деген аракет менен, керектүү азыктарды, дары-дармектерди камсыздоого шаштык", - дейт эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: