super.kg logo

"Коронавируска байланыштуу насыя төлөөдөгү маселе боюнча арыздар дагы деле түшүп жатат" дейт банк өкүлү

 

Насыя төлөмдөрүн жылдырып берүү жана башка жеңилдетүү боюнча арыздар бир гана банктын бөлүмдөрүндө гана эмес, дистанциялык негизде да кабыл алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда "РСК Банк" ачык акционердик коомунун аймактарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы Улан Ашимов онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда банктын 52 филиалы, 133 тейлөө точкалары иштеп жатат. Ошондой эле 18 тейлөө борбору дем алышсыз, узартылган график менен кардарларды кабыл алып жатканы маалымдалды.

"Коронавирус пандемиясына байланыштуу насыя төлөөдө маселелер жаралып жаткан кардарлар бүгүнкү күндө да арыз менен кайрылып жатышат. Насыя алууда жеңилдиктер каражаттын булагына жана насыянын валютасына карабастан берилүүдө. Ал эми насыяны төлөө максатында банктын бөлүмүнө келип отурбастан, "РСК 24" тиркемеси менен мобилдик банкинг аркылуу төлөм жүргүзсө болот", - дейт Улан Ашимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.06.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үч айга жылдырганы менен, проценти огромный кылып паразиттей соруп алып жатышпайбы, бул кредитчилер шакалдар.
13.06.2020. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар ассалому аллейкум биз баардык жагынан алдандык бизди кыйнады бул акмак бийликтегилер кан соргуч кенедей сорду калкты буларды баарын жок кылыш керек шайлоодо буларды шайлабаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: