super.kg logo

Швейцарияда 8 жашар бала жасалма акча менен дүкөнгө киргендиги үчүн 12 жылга полиция базасына киргизилди

 

Швейцариянын полиция кызматы айылдагы дүкөндөрдүн биринде 8 жаштагы бала "оюнчук акча менен төлөсөм болобу?" деп суроо салганы үчүн аны өз маалымат базасына киргизди. Аты-жөнү ачык жарыяланбаган бала жөнүндө маалыматтар 2032-жылдын май айына чейин, тагыраагы ал 21 жашка толгонго дейре сакталат деп жазат Швейцариянын "Basler Zeitung" гезити.



Апрель айында бала 10 жаштагы агасы жана кошунасы менен бирге Дигтен коммунасында жайгашкан Volg дүкөнүнө баш баккан. Үчөөнүн ичинен эң кенжеси сатуучудан оюнчук акча менен төлөөгө болобу деп сураган. Баланын колунда кадимки кагазга түшүрүлгөн жана кытай иероглифтери бар евро купюралар болгон.

Дүкөндөгү сатуучулардын бири алардын жасалма экендигин дароо эле түшүнүп, полицияга кабар берген. Бир айдан соң 29-майда баланын ата-энесинин үйүнө полиция кызматкерлери келип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтышкан. Алардын үйүн текшерүү учурунда 5, 10, 20 жана 50 евро номиналындагы жалпы 255 евро оюнчук купюралар табылган. Полиция кызматкерлери мындан аркы кылмыштардын алдын алуу үчүн банкноттордун баарын алып кетишкен.



Volg дүкөнү жогорудагы окуя үчүн кечирим сураган. Жетекчилигинин айтымында, полиция кызматын чакыруунун ордуна балдарга эскертүү гана кылып коюу кызматкерлеринин оюна келген эмес. "Дүкөндө иштеген кызматкерлердин бири да балалуу боло элек" деген дүкөндүн менеджери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
12.06.2020. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дүкөндүн шылтоосун, кызматкерлер бири да балалуу боло элек деп, бирок бала чактан өткөн да, түшүнсө болот. Балалуу болгондо көбүнчө ата-энеңди түшүнөсүң
12.06.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эскертуу эле берсе болмок экен. Экинчи мындай кылбай жур деп. Бала да кантсе да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: