super.kg logo
  Саясат  

Чүй облустук, Бишкек шаарынын райондук сотторуна бир катар судьялар дайындалды

 

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 14 талапкер, Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын административдик сотторуна 2 талапкер жана Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер болуп, жалпы 17 талапкер боюнча соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо сунуштары келип түшкөн.

6-июнда мамлекет башчы кээ бир талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчы тарабынан 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча президент тарабынан жарлыктар чыгарылды.

Тандалып алынган 16 талапкер Конституцияга ылайык, жергиликтүү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

Бишкек шаардык сотуна:

  • Рахат Каримова.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:

  • Эльмира Барыктабасова;
  • Жылдыз Жумабаева;
  • Сыргак Жумадылов;
  • Чынара Ибраева;
  • Таалайкүл Кадыркулова;
  • Кубанычбек Касымбеков;
  • Феликс Осмонов;
  • Аниса Рыспекова;
  • Аида Сейдакматова;
  • Бактыбек Сыдыгалиев;
  • Алмазбек Жоошбеков;
  • Жылдыз Сыдыкова;
  • Аида Темирбекова.

Чүй облусунун административдик сотуна:

  • Айнура Ахметова.

Бишкек шаардык административдик сотуна:

  • Айдарбек Алымкулов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: