"Таңга жуук 2 баласын ээрчитип кеткен". Кадамжайда жалгыз бой келин балдары менен бир айдан бери дайынсыз болууда
Баткен облусунун Кадамжай шаарынын жашоочусу, 34 жаштагы Кулпинса Тажибаева 2 баласы менен 1 айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын эжеси Айкансулуу Имаркулова айтып берди.
Имаркулованын билдирүүсүнө ылайык, келин 14-майда таңкы саат 5:00дөр чамасында 10 жана 3 жаштагы эки баласын ээрчитип үйдөн чыгып кеткен.
"Апам санаадан ооруп жатып калды, баарыбыз алардын амандыгын тилеп отурабыз. Милицияга кайрылганбыз, бир айга жакындап калса да такыр кабар табышкан жок. Сиңдимдин акыл-эс тараптан өсүүсүндө азыраак көйгөй бар. Аны адамдар оңой алдап кетет, балдары кантти деп ойлоп, өзүбүз да эзилип кеттик.
2-3 жерге турмушка чыгып ажырашкан эле, балким, бири менен элдештиби деп мурдагы күйөөлөрүнүн үйлөрүнө бардык, дагы бир жигит менен телефондон сүйлөшүп жүргөнүн угуп ага бардык. Жок, эч кайдан тапкан жокпуз.
Үйдө чыр-чатак болгон эмес, өз алдымча жашайм деген ойдо эле бир жакка кетип калды го деп божомолдоп жатабыз. Балдарын апам баккан, ал неберелеринен сарсанаа болуп жатат. Сиңдимди көргөн, билгендер болсо бизге кабарлап коюңуздар. Кулпинса, бизди окусаң балдар менен үйгө кайтып кел", - деди Имаркулова.
Ошондой эле ал РИИБинин кызматкерлери Тажибаеванын жүргөн жерин аныктоо үчүн болгон аракеттерин жумшашса деген өтүнүчүн кошумчалады.
Дайынсыз болуп жаткан келинди көргөн, билгендер болсо же ал тууралуу маалымат уккандар болсо, 0221 11 21 79 номуруна байланышса болот.






1 |