super.kg logo

"Ухан вирусу": Орусияда коронавирус менен ооругандар жарым миллиондон ашты

 

13-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 632 миң 377ге жетти. Алардын арасынан 3 миллион 613 миң 270 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 425 миң 385 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 2 миллион 49 миң 24 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 547 миң 386 сакайып, 114 миң 672 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын жалпы саны 828 миң 810го өстү. Андан 445 миң 123 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 41 миң 828 адам каза болду.

Орусияда 510 миң 761 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 268 миң 862, көз жумгандар - 6 миң 705.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: