super.kg logo

Министрлик: "Той-аштарга улуу муундагы адамдарды сакалдуу деп чакырып жатабыз. Алардын коопсуздугун эске алалы"

 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев улуу муундагы аялдар арасында акыркы күндөрү илдетти жуктуруп алгандар көп каттала баштаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Министрликтин өкүлү улгайган жарандарга кайрылып, санитардык талаптарды сактоого жана мүмкүн болушунча өзүн-өзү изоляцияга алууга чакырды.

"Эгерде көчөгө чыксаңыздар, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, бет кап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыздар. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору. Урматтуу жарандар, эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабаңыздар.

Акыркы күндөрү улуу муундагы жарандарды той-аштарга сакалдуу деп чакырып жатабыз. Эл көп топтолгон жерлер кары-картаңдар үчүн кооптуу экенин эскерте кетейин. Эпидемиологиялык абал турукташканча ушул нерселерди токтото турсаңыздар", - деди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: