super.kg logo

Орусиядан 355 Кыргыз жараны кайтып келди. Учак Ош шаарына конду

 

Бүгүн, 13-июнда Ош шаарына "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва-Ош каттамы менен Орусиядан 355 жаран кайтып келди. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

"Өлкөгө келүүнү каалаган жарандардын саны көп болуп, борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москванын Кыргыз медициналык клиникасынан жана элчиликтин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки наристелери бар аялдар тандалып алынган.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат", - деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантыларын кошумчалашты штабдан.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Ошко 358 Кыргыз жараны учуп кетет деп кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: