Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Өлкөдө туруксуз аба ырайы 19-июнга чейин сакталат
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы 19-июнга чейин сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Ага ылайык:
14-17-июнда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
14-16-июнда жана 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
17-июнда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
14-17-июнда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жана Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
16-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 16-июнда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июнда күндүз айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-июнда айрым аймактарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-17-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жана Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
16-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-июнда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-июнда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-17-июнда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
16-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-июнда кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-17-июнда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
14-15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
16-июнда жана 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
17-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
13-17-июнда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
16-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
18-19-июнда республиканын аймактарында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

