super.kg logo

Жалпы 457. Облустар боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

 

13-июнга карата өлкөдөгү стационарларда 457 бейтап коронавируска каршы дарыланууда. Анын ичинен 2 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 1 миң 404 адам обсервацияда калууда.

Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 1058 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 794 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 11 жаран (Бишкекте 8, Чүйдө 3) каза болду. Калган 253 бейтап дарыланып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 499. Анын 206сы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 165 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 38 бейтап (Араван аймактык ооруканасында 6, Кара-Кулжа аймактык ооруканасында 5, Ноокат аймактык ооруканасында 12, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 9, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 6) стационарларда калууда.

Ош шаарында 293. Анын 225 бейтабы илдеттен арылса, 9у каза болду. Стационарларда 59 бейтап дарыланууда (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 29, Ош облустук ооруканасында 18, Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 12).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 179. Бүгүнкү күндө анын 162 бейтабы айыгып, 1 бейтап каза болду. Калган 16 бейтап Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланууда.

Нарында жалпы 405. Анын ичинен 354 жаран сакайып, төртөө каза болду. 67 бейтап дарылануусун улантып жатат (Нарын облустук ооруканасында 48, Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык жайында 2, Ат-Башы аймактык ооруканасында 1, Кочкор аймактык ооруканасында 16).

Баткен облусунда жалпы 36. Анын 28 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран дарыланууда. (Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 5, Кадамжай аймактык ооруканасында 3).

Ысык-Көлдө жалпы 27. Анын 14 бейтабы айыгып, 13 жаран бейтапканаларда калууда. (Облустук ооруканада 10, Балыкчы шаардык ооруканасында 3). Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.

Талас облусунда жалпы 3. Аталган аймакта илдет 10-июнда биринчи жолу катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.06.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодогудай алышыптыр го? Эртераак таап жазаларын беришсе экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: