super.kg logo

Бишкекте базарларга барып, коомдук транспортто жүрүп коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны жогорулоодо

 

Акыркы учурда Бишкек шаарынын тургундарынын арасында коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Эпидемиологдор күн сайын инфекциянын булагын аныктоо көйгөйүнө дуушар болуп жатканы штабдын жыйынында айтылды.

"Ооруну жуктуруп алуу булагы аныкталбаган жактардын көпчүлүгү өзүнүн ооруп калгандыгын базарларга баруусу жана коомдук транспортто жүрүүсү менен байланыштырууда. Коомдук транспортту 60-70 пайыздан ашык толтурбоо жана анда милдеттүү түрдө бет кап кийүү талабын мониторингдөө боюнча ишти күчөтүү зарыл. Анткени коомдук транспортто социалдык обочолонууну сактоо кыйынчылыкка турат", - деди президенттин аппарат жетекчисинин биринчи, республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.

Ошондой эле ал мындай шартта оору жуктуруп алгандарды эртелеп аныктоо жана ооруп калган адам менен тыгыз байланышта болгон жактарды өз учурунда изоляциялоого өзгөчө басым жасоо зарыл экендигин белгиледи.

"Ири соода базарларынын кире беришинде базар кызматкерлеринин дене табын текшерүү үчүн стационардык тепловизорлорду орнотуу зарыл. Дене табы жогору экендиги аныкталган кызматкерлер ишке коё берилбеши керек. Ден соолугу кооптонууну жараткан пенсия курагындагы адамдар коомдук жайларга баруудан кармануулары сунушталат. Өлкөнүн ар бир жараны тийиштүү санитардык талаптарды аткаруусу абзел. Жалпыбыздын коронавирус илдетине каршы күч-аракетибиз координацияланып, ырааттуу болушу абзел. Биздин негизги милдетибиз COVID-19 пандемиясы шартында мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоо болуп саналат", - деп жыйынтыктады Алмаз Кененбаев.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өлкө боюнча 118 колл-борборунун маалыматтык-агартуу ишин жана мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү зарылдыгы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.06.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Обсервацияга жатпай койгондордун,көңүлүнө карап коё бергендин,кесепети.
14.06.2020. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Билинбей арабызда жургону канча дагы
14.06.2020. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Машрутта да тыгылып журушотко.
14.06.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Обсервацияда 14 күн кармайбыз десе ишенипмин. 3 күндөн кийин эле үйлөрүнө алып келип таштап жатышат.
14.06.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коомдук транспорту токтотпойбу кобойуп жатат деп отура бербестен.
14.06.2020. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
3кун жаткырып чет жерден келгендерди анан коё берип жатышат. Бир таанышымдын тууганы ошентип 3 күндөн кийин үйүнө келиптир. Бир жумадан кийин силерде Covid-19 бар деп алып кетишиптир. Эми эмне дейбиз? Кимге ишенебиз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: