super.kg logo

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри коронавирус жуктуруп алды

 

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, министр коронавирус жуктуруп алганын өзү жарыялаган.

"Достор, тилекке каршы силерге жагымсыз кабарымды маалымдоого аргасыз болуп турам. Коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы оорунун бар экенин тастыктады. Мен инфекциялык госпиталда дарыланып жатам", - деген ал.

Елжан Биртанов бардык санитардык талаптарды аткарганына карабай, ооруну жуктуруп алганын кошумчалаган.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус менен 14 миң 496 жаран ооруп, анын 9 миң 56сы сакайды. 4 миң 402 бейтапта илдеттин белгилери байкалбай өтүп жатат. Каза болгондордун саны 73кө жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.06.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
У до хван жан сакчыныз болушун каалайт белениз десе менда шкаф экен деп ойлопмун. Супер инфо оосар темаларды кое бербегилечи. Детский понятие автор окшойт
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/312441/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: