Орусияда сутка ичинде 9 миңге жакын жарандан коронавирус аныкталды
Орусияда акыркы бир суткада 8 миң 835 жарандан коронавирус аныкталды. Ал эми коронавирустан дарыланып жаткандардын ичинен 119 бейтап каза болду. Маалыматты орус басылмалары жазышып, сутка ичинде илдет аныкталган 3 миң 198 бейтапта оорунун белгилери байкалбай өтүп жатканын белгилешти.
Муну менен Орусияда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 528 миң 964кө жетип, анын 274 миңден ашууну айыкты. Ал эми каза болгондор 6 миң 948 болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.