Бир эле Бишкекте эмес... Пекинде балык базарга барып, коронавирус жуктуруп алгандар көп катталып, "аскердик режим" киргизилди
Кытайдын борбору Пекин шаарындагы райондордун бири Фэнтайда "аскердик режим" киргизилди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып жатышат.
Аталган райондо соңку күндөр ичинде 45 тургундан коронавирус аныкталган, бирок алардын ичинен биринен да оорунун симптому байкалган эмес. Жуктуруп алгандардын баарынын балык саткан базар менен байланышы болгон. Андыктан, шаардагы бардык базарлар убактылуу жабылды. Бийлик жакын арада ачыла турган мектептердин мөөнөтүн да жылдырууну чечти.
Пекин шаарында жогорудагы окуяга чейин 55 күн бою илдет жергиликтүүлөрдүн арасында жукпай калган болчу. Жалпы Кытайда соңку сутка ичинде 66 жарандан коронавирус аныкталды. Өз учурунда бул эки ай ичиндеги суткада катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.