Францияда коронавирустан каза болгондордун саны 29 миңден ашты
Францияда жугуштуу COVID-19 илдетинин кесепетинен каза болгондордун саны 29 миң 410го жетти. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар расмий маалыматтарга таянуу менен жазышууда.
Анда жазылгандай, аталган өлкөдө коронавирус инфекциясы менен жалпы 194 миң 153 адам катталган. Алардын ичинен 29 миң 410 бейтап көз жумса, эпидемия башталгандан бери 72 миң 8 адам оорудан сакайган.
Мындай көрсөткүч менен Франция АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтында жарыяланган рейтингде 9-орунда турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.