super.kg logo

Кадамжайда таңга жуук 2 баласын ээрчитип кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан келин туугандарына байланышка чыкты

 

Баткен облусунун Кадамжай шаарынын жашоочусу, 34 жаштагы Кулпинса Тажибаева 2 баласы менен 1 айдан бери дайынсыз болуп жатканы жазылган. Ал 14-май күнү таңга жуук 2 баласын ээрчитип үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кечээ, 14-июнда Тажибаева туугандарына байланышка чыкканын анын эжеси Айкансулуу Имаркулова SUPER.KG порталына кабарлады.

"Сиңдим байланышка чыкты, бирок жүргөн жеринин дарегин айтпай жатат. Эки баласы да аман экен, айрым маалыматтар боюнча улуу баласынын колу сынганбы же оорутуп алганбы таңып жүрөт экен. Сиңдим үйдөн кеткенден бери апам катуу ооруп, ооруканага жатып калган. Санаадан кан басымы аябай көтөрүлүп кетти. Эми байланышка чыкканына да шүгүр кылып жатабыз, акырындап жүргөн жерин да аныктайбыз деп үмүт кылып жатам", - деди ал.

Буга чейин Имаркулова сиңдисинин акыл-эс тараптан өсүүсүндө азыраак көйгөй бар экенин айткан. Ошондой эле ал Кадамжай РИИБи сиңдисин издөөдө болгон аракеттерин жумшашса деген өтүнүчүн билдирген болчу.

Райондук РИИБинен маалымдашкандай, Кулпиниса Тажибаеванын дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча арыз милицияга 31-майда келип түшкөн. Ошондон тартып келиндин жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлгөн.

Дайынсыз болуп жаткан келинди көргөн, билгендер болсо же ал тууралуу маалымат уккандар болсо, 0221 11 21 79 номуруна байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.06.2020. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Жиндинин кылган иши да жинди
15.06.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай акыл эс жагынан кемтиги барларды торобой турган кылып койсо мамилекет....балдарга эле убал болот....
16.06.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол чалган номер боюнча милиция кызматкерлерине арыз жазса таап беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: