Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалова эскерилет
Бүгүн, 15-июнда саат 09:30да "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова эскерилет. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, эскерүү кечесине Күлүйпа Кондучалованын жакындары, жалпы маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, куран окулуп, айкелине гүл чамбар коюлат.
"Маданият тармагына болуп көрбөгөндөй зор ийгиликтерди алып келген Күлүйпа Кондучалова дал ушул күнү 100 жашка чыкмак" деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.