super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 15-июндан 16-июнга чейин өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

 

Ушул жылдын 15-июнунан 16-июнуна чейин туруксуз аба ырайы болуп, өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришет.

Буга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

"15-июнда Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: