Чубак Жалилов: "Сузактагы окуя - бир эле ошол аялды эмес, баарыбызга дөңгөлөк, таш илип кордоого тете болду"
Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак Жалилов "Марал" радиосуна берген маегинде Сузактагы аялга жасалган зомбулукту олуттуу көйгөй деп атап, окуяга болгон пикирин билдирди.
Дин аалымы коом өлүк эмес, жандуу болуп мындай окуяларга кайдыгер карабай, жапырт, жандуу аракет көрүп, анын алдын алуу менен көз салып туруусу керектигин белгиледи.
"Бул окуя ачыкка чыгып калганы гана. Болбосо мындай абал, мындай окуя көп жерде, керек болсо күн сайын болуп жатат. Кеч калыптыр, кеч калганы үчүн уруптур деп айтылып жатат, этият болуш керек. Эгерде жашоо болбой жатса, анда жашоону токтоткон оң. Адамды кордоо жакшы эмес. Билесизби, Куран китебинде эгерде бир адамды өлтүрсө, бүтүндөй адамзатты өлтүргөнгө тете күнөөкөрсүң, эгерде бир адамга өмүр берсең, бүтүндөй адамзатка өмүр бергендей сооп аласың деп айтылат. Бир адамды кордоп, моюнуна дөңгөлөк илип, ага таштарды салып суу куюп, кордоду. Бул бир эле адамды эмес, балким, адамзаттын бардыгына силерге түкүрдүм деген сөзү.
Бир адамды кордогон адам, бүтүндөй адамзатты кордогон менен тете. Ошол видеого тартып жаткан карындаш акмакчылык кылып жатат. Ал кошунага кыйкырып, аларды чакырып келиши керек болчу. Видеону чыгаргандар аялдын жүзүн көрсөткөнү да туура эмес. Бул күндөр дагы өтөт, аялдын көчөгө чыга турган дагы убагы келет. Мындай учурда коомчулук тирүү болуш керек, өлүк болбош керек. Айыл-апа, кошуна-колоң маани берип турушу милдет болчу. Эрди-катын урушат, буга киришпейин деп олтурган менен ушундай учурда ким көрүп туруп жардам бербей өтүп кеткен болсо, анда ал келесоолук жана акмакчылык. Адам апаатка учурап, жардамга муктаж болсо, ага жардам берүүнүн ордуна, унаадан сууруп чыккандын ордуна жан талашып видеого тартып жаткандар бар. Бир күнү сен да жардамга муктаж болуп турганда сени да тарткан учурлар келип калат. Бул бир адамды кордоо эмес - бул падышабыз баш болуп, баарыбызга дөңгөлөк илип, ага таш салып, үстүбүзгө арыктын киргил суусун куйганга тете. Бул кордукту баарыбыз көрдүк", - деп билдирген Жалилов.
Окуянын чоо-жайы:
12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.








1 |