super.kg logo
  Спорт  

UFC: Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев 18-июлда Абу-Дабиде беттешет

 
Марк Диакези

"Атаман" каймана аты менен белгилүү болгон мушкер Рафаэль Физиев кезектеги беттеши 18-июлда БАЭ өлкөсүнүн борбору Абу-Даби шаарында өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун сайтына жарыяланды.

27 жаштагы Рафаэль Физиевдин атаандашы англиялык 27 жаштагы мушкер Марк Диакези болмокчу. Эки мушкердин беттеши 70 килограммга чейинки салмак ченинде өтөт.

Рафаэль Физиев UFC уюмунда жалпы эки беттеш өткөргөн. Былтыр апрель айында Санкт-Петербург шаарында өткөн "UFC on ESPN+ 7" турниринде орусиялык Магомед Мустафаевге техникалык нокаут менен жеңилип калган. Ал эми 26-октябрда америкалык мушкер Алекс Уайтты жеңип, UFC уюмундагы алгачкы жеңишине ээ болгон.

Марк Диакези өзүнүн карьерасында жалпы 17 беттеш өткөргөн. Анын 14үндө жеңүүчү аталса, 3 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.06.2020. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рафаель Ак калпакты кийип, Кыргызстандын желегин көтөрүп чыксаң эле жеңесиң. Питерде азербайджандын желегин көтөрөм деп таяк жеп калдың. Эми ийгилик жердешим, негирди уруп жеңишиңди күтөбүз!
15.06.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: