Мурдагыдан да ыңгайлуу. Эми кредитти жабуу же «Бакай Банктын» депозитин толуктоону MegaPay тиркемеси аркылуу жүргүзсө болот

«Бакай Банк» өз кардарлары үчүн онлайн-кызматтар боюнча мүмкүнчүлүгүн кызуу кеңейтүүдө. Эми MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу сиз төмөнкү оперцияларды жүргүзө аласыз:
- «Бакай Банкта» кредитти жабуу;
- «Бакай Банкта» депозитти толуктоо;
- Ислам финансылык борборунда (ИФБ) каржылоону жабуу;
- Ислам финансылык борборунда (ИФБ) депозитти толуктоо;
- Өзүңүзгө таандык картты же эсепти толуктоо;
Бул кызматтардан пайдалануу үчүн сиз MegaPay мобилдик капчыгын терминалдан толуктап, тиркеменин “Кызматтарды төлөө” бөлүмүнө кирүүңүз керек. Андан соң “Банктык кызматтар” бөлүмүн таап тийиштүү опцияны тандайсыз.
Кызматтардын комиссиясы төлөмдүн 1% түзөт. Көңүл буруучу жагдай, иш күндөрү саат 17:00гө чейин жүргүзүлгөн төлөмдөр ошол күндүн эсебинен, ал эми 17:00дөн кийин жана дем алыш күндөрү кийинки жумушчу күндүн эсебинен жүргүзүлөт.
Эске салсак, сиз ошондой эле банктын онлайн кызматтарын төмөнкү сервистер аркылуу пайдалана аласыз:
- Bakai Online (комиссиясы жок);
- Bakai24 (комиссиясы жок);
- «Бакай Банктын» терминалдары (комиссиясы жок);
- Quickpay терминалдары (1000 сомго чейинки сумма үчүн комиссия - 5 сомов, 5000 сомго чейин – 10 сом, андан жогору – 20 сом)
- Pay24 терминалдары (комиссия 3%)
Онлайн-кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билүү же кеп-кеңеш алуу үчүн төмөнкү номерлерге чалыңыздар:
- 6111 (мобилдик телефондордон)
- +996 554 00 61 11 (Whats App)
- +996 312 61 00 61
*КРУБ № 043-Лиц.
кошулду
