ӨКМнын 94 жылдыгына карата Чаткалдагы бөлүмдүн кызматкерлери жаңы тосмо курушууда (фото)






Бүгүн, 15-июнда Кыргыз өлкөсүнүн өрткө каршы кызматынын түзүлгөнүнө 94 жыл толду. Ага карата ӨКМ тарабынан Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн сыртына жаңы тосмо курулуп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришет.
"Аталган бөлүмдүн мурунку тосмолору жарабай калган. Андыктан Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ӨКМнын 94 жылдыгынын алкагында жаңы тосмо куруп жатат. Айлана-тегерегин тосуу үчүн 5 тонна цемент, сетка жана арматура бөлүнүп берилип, азыркы учурда өздүк курам тарабынан тегеректи тосуу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле айлана-тегеректи тосууда керектелүүчү кум-шагыл жана керектүү курал-жарактар жергиликтүү бийликтен жана өздүк курам тарабынан көмөк көрсөтүлдү. Учурда куруу иштери кызуу жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.






1 |