super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн майыптык тобун күбөлөндүрүү жеңилдетилди

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн майыптык тобун күбөлөндүрүү жеңилдетилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдайт.

Маалыматта бул топтогу адамдар үчүн айрым жол-жоболорго өзгөртүү киргизилгени айтылат.

Атап айтканда:

  • стационардык текшерүүсүз экспертизага жиберүүгө укук берген оорулардын тизмеси толукталган. Бул өзгөртүүлөр аутизм, дүлөй, дудуктук, ар кандай даражадагы акыл-эс жактан артта калуу сыяктуу оору менен ооруган 20 миңге жакын адамдын кызыкчылыктарына тиешелүү.
  • Патологиясы бар 2500 кишиге чейин, анын ичинде буту ампутациялангандар мөөнөтсүз күбөлөндүрүлөт. Кайталанбаган анатомиялык дефекттердин тизмеси 35тен 60 пайызга чейин узартылды.
  • Оорулардын 24 түрү боюнча кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейин узартылган.
  • тугоухтун (укпай калуу) үчүнчү даражасы менен ооруган адамдарга “бала кезинен бери майып” статусу ыйгарылып, майыптыгы боюнча жөлөк пулду эки эсе көп алышат. Жобого өзгөртүү киргизилгенге чейин мындай адамдардын категориясы “жалпы ооруудагы майып” катары каралган.

Министрликтин маалыматы боюнча, ушул жылдын башынан тартып республикада 193 миң 778 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар болсо, анын ичинен 32 миң 13ү 18 жашка чейинки балдар болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: