super.kg logo

Франция коронавирус инфекциясынын биринчи толкунун жеңгенин жар салды

 

Франция коронавирус инфекциясынын биринчи толкунун жеңди. Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэль Макрон инфекцияга байланыштуу элге кайрылуусунда түз эфирде айткан.

"Эпидемия менен күрөш бүтө элек. Бирок мен сиздер менен чогуу ушул биринчи толкунду жеңгенибизге кубанычтамын", - деген Макрон.

Анын айтымында, өлкөдө чектөөлөрдү алып салуунун жаңы этабы башталат. Француздар 15-июндан тарта Евро Биримдикке кирген өлкөлөргө, ал эми 1-июлдан баштап эпидемиологиялык абалы коопсуз болгон башка мамлекеттерге бара алышат. Мындан тышкары борбор шаардагы бардык ресторандар ачылат.

Пандемияга байланыштуу Франция чек арасын 17-мартта жапкан. Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 194 миң 153 адамдан аныкталды. 29 миң 410 адам каза болсо, 72 миң 982 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.06.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча толкуну бар экен бул балякеттин?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: