super.kg logo

"Атасы уктап турганча". АКШда жабык унаада 5 саат бою калган 2 наристе каза болуп калды

 

АКШнын Оклахома штатынын Талса шаарында 5 саат бою жабык унаанын ичинде калган эки наристе каза болду. Аларды атасы унаанын ичинде калтырып, үйүнө кирип уктап калган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда жазылган маалыматка ылайык, 31 жаштагы Дастин Ли Деннис аттуу адам унаасы менен ишемби күнү күндүзү 2 баласы менен дүкөнгө барып, келген соң үйүнө кирип уктап калган. Ойгонгондон кийин, болжолдуу беш сааттан соң балдарын таппай калган. Ал 5 сааттан кийин 4 жаштагы кызын жана 3 жаштагы баласын унаадан үйүнө алып кирген. Окуя болгон жерге дарыгерлер келген, бирок наристелердин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Алардын өлүмүнүн себептери азырынча так аныктала элек. Балдар 5 саат бою унаанын ичинде көзөмөлсүз калган. Учурда балдардын өлүмүнө себепчи катары атасы полиция кызматкерлери тарабынан кармалды деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүү метеорологдор окуя болгон күнү шаарда абанын температурасы 30 градустан жогору болгондугун билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.06.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Машина мингендер, жай мезгилде айнегиңерди толук жаппагыла, эч ким жок болсо дагы.
15.06.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негизи ушул европа америкалыктар материалдык максат үчүн түнү-күнү жан үрөп, нервтери чарчап, руханий жактан алсыз болушат окшойт, себеби бул биринчи жолу эместа, буга окшогон ал жактарда аябай көп. А бизде өлүп баратсаңда биринчи балаңа карайсың!
15.06.2020. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
аялы телефон чалып сурап койбоптурда,балдарды карадынбы деп
15.06.2020. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Садиктер иштебей жатканга бала караганды билишпейт да алар.
16.06.2020. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш балдар атайын эле калтырганго дукондон келип эмне тушунбойт. Балдар токтой албай жатсан тушконго шашатко негизи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: