super.kg logo

Түн ичинде үйлөргө кирип, каракчылык кылып жүргөн деген шек менен кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

 
Баткендин Кадамжай районунда каракчылык кылууга шектелип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта топтун курамындагы адамдар ишкерлерге кол салууга, үйлөргө кирип каракчылык кылууга шектелип жатканы айтылат.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн аты-жөнү такталып, колго түшүрүлгөн. Алар бир нече кылмышка, анын ичинде оор кылмыштарды жасоого шектелүүдө. Алсак, ушул жылдын апрель айында кебетеси азиялык болгон 25-35 жаштардагы 3 адам Кадамжай районундагы үйлөрдүн бирине кирип, анын 63 жаштагы ээсин ур-тепкиге алып, баалуу буюмдарды жана акча талап кылышкан.
Анын жубайынын дагы колу-бутун байлап, тапанча менен коркутушкан. Үйдөн баалуу буюм, акча таппай калганда из жашырып кетишкен. Каракчылыктын натыйжасында үй ээсинин колу-бутунун сөөктөрү сынган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кайрадан эле май айында, түн ичинде куралданган 5 адам Үч-Коргон айылынын тургунунун үйүнө кирип, андагы үй-бүлө мүчөлөрүнө күч колдонуп, тапанча менен коркутушкан. 43 жаштагы үй ээси менен анын жубайынын денелерине залал келтиришкен. Мындан сырткары 17 жана 16 жаштагы балдардын колу-бутун байлап коркутушкан. Алар үйдөн 9 миллион 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетишкен. Ошондой эле үйдөгү алтын буюмдарды дагы көтөрө кетишкен.
Ушул жылдын июнь айында ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыштарды жасоого шектелип, 1994-жылы туулган Баткен облусунун мурда сот жообуна тартылган М.У. аттуу тургуну менен 1993-жылы туулган Кадамжай районунун тургуну М.Н. кармалган. Шектүүлөрдү тинтүү процессинин жүрүшүндө алардан эки тапанча, колго жасалган бычак табылган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган топтун башка мүчөлөрү дагы изделип жатканы маалымдалат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.06.2020. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзүн ачып койгула!
15.06.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай сакалды коюп, кудай жолунда жургон момун болумуш болуп маскироватсетип жургондор кобойду го.ууру деп фотосун чыгарса эле сакал койгондор... булар башка чыныгы кудай жолундагы адамдарга да шек келтирип атышат да. Ушундайлардын айынан чыныгы момун адамдарга да ишенич кыйын болуп калат.....
15.06.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көзун көрөт кулагын угат колу бутун иштейт.
Каракчылык менен жан бакбай мээнет кылып иштесенер болмок.
Жат эми темир тор артында.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: