super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сиздин кесипкөй, турмуштук бай тажрыйбаңыз достук мамиледеги Кытайдын туруктуу өнүгүшүн бекемдөөгө максатталган ийгиликтүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиздин астында Кытай COVID-19 инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө өзүнүн бардык күчтөрүн бир арага топтоп, чоң ийгиликтерге жетишти.

Ошону менен бирге Кытай Эл Республикасы коронавирус менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына маанилүү гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Дүйнөдө коронавируска байланыштуу кырдаал мурдагыдай эле өтө оор абалда, бирок ага карабастан, жалпы күч-аракеттерибиз менен бул илдетти жеңебиз деп ишенем.

Ак ниет коңшулукка, достукка, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген Кыргыз-Кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөөрүнө жана эки элдин келечеги үчүн бекемделерине терең ынанам", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: