Казакстандын билим берүү министринен коронавирус аныкталды
Коңшу Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетовдон коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирүү таратышты.
"Министр коронавируска каршы тест тапшырды. Натыйжада андан инфекция аныкталды. Асхат Канатович өзүн жакшы сезип жатат. Ал бекитилген регламентке ылайык өзүнчө обочолонуп, аралыктан иштейт. Ошондой эле белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин ал протоколго ылайык, кайрадан тест тапшырат. Күн тартиби боюнча видеоконференция тутуму аркылуу иштер улантылат", - деп жазылган билдирүүдө.
Аймагамбетов буга чейин коронавирус инфекциясы аныкталган Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановдон ооруну жуктуруп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.