super.kg logo

Жактоочу: "Сузактагы кордук көргөн аял күйөөсүн кечирип койсо эле кылмыш иши токтоп калбайт"

 

Социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул видео коомдо резонанс жараткан. Көп өтпөй андагы аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазганы жана ал күйөөсүн бошотууну өтүнгөнү мааалым болгон. Кордук көргөн аялдын мындай кадамын сындагандар көп болуп, дагы деле коомдук талкуу токтой элек. Ал эми бул иштин укуктук жагы кандай болот? Мыйзам боюнча жабырлануучу тарап жооптуу адамды кечирип койсо эле иш токтоп калабы? Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев өз баракчасында пикир калтырган.

Жактоочунун айтымында, бул окуя боюнча аялы күйөөсүн кечирген күнү деле кылмыш иши токтотулбайт.

"Кылмыш иши "уруп-согуп кыйноо" беренеси менен козголгон. Кылмыш жаза кодексине ылайык, тараптардын элдешүүсүнө жол берилбейт. Бул эмнени билдирет? Бул сузактык мыкаачынын иши логикалык чегине жетип иликтенип, сотко өткөрүлүп берилиши керек дегенди талап кылат.

Сот өз кезегинде жазалоо чараларынын түзөтүү иштери, айып пул же 2 жыл 6 айга чейинки эркинен ажыратуу сыяктуу жазалардын бирин тандайт. Албетте, коомду дүрбөлөңгө салган бул факты үчүн 2 жыл 6 айлык мөөнөт өтө жеңил жаза болуп калат. Бирок аны бул үй-бүлөдө мурда болуп келген дагы башка зордук-зомбулук фактыларын аныктоо менен катаал кылууга болот. Бул үй-бүлөдө зордук-зомбулук биринчи жолу болуп жаткандай эмес. Андыктан сузактык мыкаачыга оор жаза берилиши керек деп ойлойм. Бул окуя башкаларга дагы сабак болушу керек"
, - деген жактоочу өз билдирүүсүндө.

Окуянын чоо-жайы:

12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: