Коомдук ишмер Картайбек Мукамбетов 86 жаш курагында каза болду
Коомдук ишмер Картайбек Мукамбетов 86 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Картайбек Мукамбетовду мамлекет жетекчилери эскеришти.
Картайбек Мукамбетов 1935-жылдын 12-декабрында Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында төрөлгөн. 1954-жылы Ысык-Көл районундагы Темировка орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Фрунзе шаарында жаңы ачылган Политехникалык институттун Тоо-геологиялык факультетине тапшырган. Аны 1959-жылы аяктаган соң, ошол эле жылы ал кездеги Ош облусунун Фрунзе районундагы Тоо-кен башкармалыгында эмгек жолун баштаган. Аталган ишканада 7 жыл иштеп, тоо-кен боюнча мастер, участоктун башчысы, карьердин башкы инженери, башчысы кызматтарын аркалаган.
1966-жылы Оштогу "Кыргызкөмүр" комбинатына ишке которулган, Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасынын башкы инженери, Таш-Көмүр башкармалыгындагы "Кара-Суу" көмүр разрезинин башчысы кызматтарын аркалаган. 1973-жылы Орто Азия көмүр комбинатынын Оштогу "Алмалык" разрезинин директору болуп дайындалган.
1980-жылы партиялык кызматка которулуп, адегенде Кыргызстан Компартиясынын Сүлүктү шаардык комитетинин 2-катчысы болуп бир жарым жыл, андан кийин Кыргызстан Компартиясынын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин 1-катчысы болуп 9 жыл эмгектенген.
1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланып, ал жерде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясын жетектеген. 1992-жылы президенттин жарлыгы менен Тоо-кен иштеринде коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалган.
1993-жылдын башында республиканын тарыхында алгач түзүлүп жаткан энергетика министри болуп дайындалган. Бир жылдан кийин өнөр-жай жана соода министринин орун басары болуп дайындалган.
1995-жылы эмгек өргүүсүнө чыгып, япон-кыргыз биргелешкен ишканасында (Корпорация «ОМА») президент болуп иштеген.
2001-жылы өкмөттүн чакыруусу менен "Кыргыз Көмүр" акционердик коому корпорациясына башкы директор болуп шайланып, бир жылдан кийин ал жерде жаңы уюшулган "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору катары дайындалган.
Узак жылдар үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн СССР Жогорку Советинин Указы менен "Ардак Белгиси" жана "Эмгек Кызыл Туу" ордендери, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына эмгек сиңирген кызматкер" наамы ыйгарылган.
"Картайбек агабыз мамлекеттик, партиялык кызматтарды аркалап, өлкөбүздүн өнөр жайынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп, жетекчинин бийик үлгүсүн көрсөткөн, эл арасында кадыр-баркка жетишкен.
Агабыздын өтөлгөлүү өмүр жолу, жаркын элеси дайыма эсибизде болот, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат некрологдо.
Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Гүлбара Калиева жана башкалар.
Картайбек Мукамбетовдун сөөгү 16-июнда 10:00дө "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.



1 |