Депутат Акылбек Жапаров “Улуу насыялар фондун” түзүүнү сунуштады
Депутат Акылбек Жапаров “Улуу насыялар фондун” түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Илдеттен улам насыя боюнча көп көйгөй чыгат. Калк менен коммерциялык банктар ортосунда бир катар насыя көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган фонд иш алып барышы керек. Бул дүйнөлүк тажрыйбаны бизде пайдалансак натыйжалуу болот”, - деди депутат.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Улуттук банктын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу аталган мекеменин төрагасынын отчёту каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Бугунку кундо окмот башчылыкты 100% ишенип тапшырса болот.