super.kg logo

Сузакта коронавирус менен күрөшүүгө берилген каражатты кызматкерлерге бөлүштүргөн факты аныкталып, сотко чейинки тергөө башталды

 

Жалал-Абадда Сузак райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери менен башкы бухгалтери кызматтык абалынан пайдаланган факты аныкталды. Маалыматты бүгүн, 16-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Сузак райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери 1973-жылы туулган О.С. жана борбордун башкы эсепчиси 1974-жылы туулган М.К. кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана облустук акимдердин резервдик фондунан COVID-19 инфекциясынын кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча маселелерди тез арада чечүүгө бөлүнгөн 300 миң сом акчаны кызматкерлерге бөлүштүргөн. Тагыраагы, алар каражатты борбордун кызматкерлеринин айлыгына кошуп, материалдык жардам түрүндө беришкен.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, резервдик фонддон бөлүнгөн каражатты кызматкерлердин айлык-акысына кошуп бергенге тыюу салынат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.06.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эле кыянаттык менен пайдаланат! Себеби эмнеде? эч ким коркпойт Кызматын атасынан калган мурастай пайдаланат президентин баш болуп эхх
16.06.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай окуялар толтура болсо керек канчасы билинбей..эки ай карантинде отураганда деле жардамга берилген продукталар ордуна жетпей жатты го.Баягы эле Эл кыйналмай болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: