Өлкөгө Түштүк Кореядан Кыргыз жарандары кайтып келишти
Бүгүн, 16-июнда өлкөгө Түштүк Кореядан Кыргыз жарандары кайтып келишти. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, "Air Astana" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматыга 3 Кыргыз жараны учуп келгени айтылат.
"Алматы шаарынан биздин жарандар атайын даярдалган транспорт менен өлкөгө келишти. Андагы бардык жүргүнчүлөр бекитилген тартиптин негизинде обсервацияга алынды. Жаңы келгендер медициналык көзөмөлдө болушат. Жарандарды алып келүү казак тараптын кызматташуусунун негизинде ишке ашты. Чет мамлекеттерде калган мекендештердин өлкөгө кайтуусуна мүмкүнчүлүк түзүү боюнча иштер уланууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.