super.kg logo
  Саясат  

ИИМдин Ички аскерлерин Улуттук Гвардияга кошуу сунушталууда

 
Ички аскерлерди ИИМдин курамынан чыгарып, Улуттук Гвардия менен бириктирүү сунушун бүгүн, 9-сентябрда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орузбаев билдирди. Айтымында, Коргоо кеңеши мындай чечимди 5-июлда кабыл алган. Депутат Курманбек Осмонов бул сунушту 3 тармактык комитет биригип карашы керектигин белгиледи. “Бул катардагы маселе эмес. Концепциясын, функциясын, канча кызматкер болорун жакшылап аныкташ керек. Бирок мен каршымын”,- деди эл өкүлү. Ал эми депутат Данияр Тербишалиев Улуттук Гвардия эмне менен алек экендигин азыркыга чейин билбестигин айтты. “Улуттук Гвардияда 5 миңге жакын адам эмне кылып жаткандыгы белгисиз. Реформа жүргүзүп, белгилүү бир түзүм түзүү абзел. Укук коргоо органдарын реформалоо абдан маанилүү маселе”,- деди Тербишалиев. Натыйжада депутаттар эл өкүлү Канат Исаевди бул маселе боюнча иштеген комиссиянын мүчөсү кылып киргизүү чечимин кабыл алышты.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: