Ошто кандын рагы менен ооруган бейтап коронавирус жуктуруп алып, илдети күчөп каза болду
Ош облустук биргелешкен ооруканасында кандын залалдуу шишик дарты менен ооруган сузактык тургун коронавирус жуктуруп алып кайтыш болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Маркум 53 жаштагы эркек киши.
"Сузак районунун тургуну кандын рагы менен жабыркап, Ош облусундагы бейтапканада дарыланып жатканда коронавирус жуктуруп алган. Вирус бейтаптын рак илдетин курчутуп, ал каза болуп калды", - деди Үсөнбаев.
Маркум өлкөдө коронавирустан каза болгондордун тизмесине кирбейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Коронавирус соо адамды олтуро албайт, иммунитети начар болгон,коп оорууларды алып жургон адамдарга ото оор келет ,ого бетер иммунитет тушурот.Ооба ал оорулуу кийин деле оз оорусу менен олмок,бирок вирус ошол олумду тездетет