Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда.
Көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов өкмөттүн ишин аксатпай чечим кабыл алыша турганын айтты. "Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн курамын өзгөртпөө керек. Жоопкерчиликти биринчи вице-премьер-министрге жүктөө керек", - деди ал.
Кечээ, 15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-1

