super.kg logo

"Идея артынан идея жараткан компания". MegaCom жол эрежесин сактаган айдоочуларга сыйлык берет. Аны сиз да алсаңыз болот

 

Буга чейин сиз жол кыймылынын эрежелерине байланыштуу айып пул, айып аянтча деген сөздөрдү эле угуп келсеңиз керек. Бул жаатка бүгүн такыр башкача жаңылык кирди, тагыраагы, эми жол эрежелерин бузбаган айдоочулар түрдүү байгелерге ээ болот.

Мындай демилге креативдүү долбоорлорду биринин артынан бирин ишке ашырып келе жаткан MegaCom компаниясына таандык. MegaCom ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын колдоосу менен Mega24 тиркемесинде MegaDrive акциясын ишке киргизди. Бул акция 16-июндан башталып 15-октябрына чейин уланат. Анын алкагында акциянын жол эрежелерин бузбаган катышуучуларына компания жана анын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү белектер ыйгарылат.

MegaCom социалдык-жоопкерчиликтүү компания катары MegaDrive акциясын "Коопсуз шаар" долбоорун колдоого, өлкөдө жол кырсыктарынын азайышына багыттаган. Бүгүн, 16-июнда бул акциянын алкагында кызматташуу боюнча меморандумга "Альфа Телекомдун" башкы директору Акылбек Жамангулов менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кол коюшту.

"Биздин демилгени колдоого алган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигине ыраазычылык билдирем", - деди Жамангулов.

Акцияга катышуу үчүн эмне кылуу керек?

  • Mega24 тиркемесин орнот же жаңыла (Google Play же App Store'дон жүктөсө болот)
  • "Акция" бөлүмүндөгү "MegaDrive" акциясына каттал,
  • Акциянын шарттарында каралган тапшырмаларды аткар,
  • "Изумруд соталарын" топтоп, аны гигабайттарга, акысыз сүйлөшүү мүнөттөрүнө жана башка MegaCom'дун, анын өнөктөштөрүнүн баалуу байгелерине алмаштырууга болот (эсептелген соталар саны айдоочу аткарган тапшырмаларга жараша болот).

Акциянын шарттары жөнүндө:

"Изумруд сота" "Коопсуз шаар" системинде эреже бузулбаган ар бир күнгө эсептелинет. (күн сайын тиркемеге кирип сыйлыкты алууга болот).

Автосүйүүчүлөргө плакаттардагы, наклейкалардагы QR-коддорду табуу жана сканерлөө, дагы башка кызыктуу тапшырмалар берилип турат. Бул тапшырмаларды аткарган айдоочуларга бонустук соталар берилет.

Мындан тышкары MegaCom'дун абоненттеринин компаниянын өнөктөштөрүнөн байгелерди утуу мүмкүнчүлүгү бар. Акциянын өнөктөштөрү:

• "Троян плюс" соода үйү;

  • "НСК" камсыздандыруу компаниясы;
  • "Авторадио";
  • "Автогид" гезити;
  • "Планета шин" дүкөнү;
  • "Blesk Detailing" унаа жуучу жайы;
  • "AvtoInstall" автроэлектроника дүкөнү;
  • Autogas Centre Бишкек.

MegaCom буга чейин коронавирус пандемиясынын шартында Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте дистанциялык билим берүүнү ишке ашырган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: