super.kg logo
  Саясат  

Депутат премьерликке талапкерге: "Абылгазиевдин атыла элек патрону жалгыз сиз калгансыз"

 

"Мухаммедкалый Абылгазиевдин атыла элек патрону жалгыз сиз калгансыз", - деп бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков премьер-министрликке талапкер Кубатбек Бороновго кайрылды.

"Жалгыз дарак бак болобу, жаман жыгач сап болобу аны убакыт көрсөтөт. Өзгөчө абал мыйзамына ылайык, анда ишке тартылган кызматкерлерге 3 айлык маяна төлөнүп берилиши керек болчу. Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине бүгүнкү күнгө чейин акчаны төлөп бербей жатасыздар. Обсервацияда жаткан күндөрүн башка күнгө жылдыртып иштетип жатасыздар. Бул туура эмес. Медицина кызматкерлерине каражат төлөндүбү?" - деп сурады депутат.

Боронов: "Ак халатчандарга, тиешелүү кызматкерлерге каражат төлөнүп берилди. Февраль айында комиссиянын чечими менен деңгээлине жараша 39 миң сомдон 49 миң сомго чейин төлөнүп берилди. ИИМдин кызматкерлерине ушул аптанын ичинде каражат төлөнүп берилет", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: