super.kg logo

Пекиндин бардык кичи райондоруна "аскердик режим" киргизилди

 

Кытайдын борбору Пекин шаарынын бардык кичи райондоруна "аскердик режими" киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Буга чейин жогорудагы режим Пекиндеги Фэнтай районуна киргизилген.

Маалым болгондой, Пекиндеги "Синфади" аттуу ири базарда иштегендерден коронавирус аныкталгандардын саны февралдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мындан улам жаңы режим киргизилди.

"Синфади" дүң соода базары Кытайдагы эң ири базарлардын бири. Базар жүз гектардан ашык аянтты ээлейт жана 10 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Бул базардан Пекинден тышкары өлкөнүн түндүк аймактарына азык-түлүктөр жеткирилет.

"Алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, вирус Европадан Пекинге алып келинген. Эпидемиологдордун божомолу боюнча, инфекция базарга тоңдурулган эт же балыктар менен ташылып келиши мүмкүн, себеби температура төмөн болгондуктан, вирус сакталган. Базардагылар азыктарды колу менен кармагандыктан инфекцияны жуктуруп алган болуусу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы суткада Кытайда 49 адамдан коронавирус аныкталса анын 27си Пекинде катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: