Депутат канча министр парламенттик шайлоого аттана турганын сурады
Депутат Мирлан Жээнчороев канча министр парламенттик шайлоого аттана турганын сурады. "Өкмөт мүчөлөрү шайлоого аттанбайт деп кепилдик бересизби? Ушул курам менен аягына чейин 6 ай иштейсиңерби?" - деп сурады депутат.
Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Бороновдун айтымында, өкмөттүн жыйынында бул маселе талкууланган. "Бардык өкмөт мүчөлөрүнө ким шайлоого баруу планы болсо азыртадан айтуу тапшырмасы берилген. 15 күндөн ашык убакыт өттү. Бир дагы өкмөт мүчөсү шайлоого аттанам деп айткан жок. Жыйынтык чыгарабыз, баарыбыз аягына чейин иштейбиз", - деди Боронов.
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлигин колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

