Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. "Ажырашуубуздун себеби - үй-бүлөлүк зомбулук" дейт ал



Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганымды айтууга мажбурмун деген ырчы буларга токтолду.
"Бул адам менен баш кошкондон кийин чыныгы жаман, азап күндөр башталды. Үйлөнгөндөн кийин өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп, мага көп кордук көрсөтө баштады. Ажырашуубуздун себеби үй-бүлөлүк зомбулук. Бул нерсени жашырып келгем, себеби жаңы үй-бүлөдө кыйынчылык, уруш-талаш болот, аялзаты чыдаш керек, үй-бүлөдө болуп жаткан маселени эч кимге айтпаш керек, жарыялабаш керек деп. Бирок убакыт өткөн сайын абал курчуп, мен ден соолугумдан ажырай баштадым. Ажырашууну чечтим.
Жолдошум менен ушул жылдын январь айында ажырашканбыз, ошол күндөн тарта ал мени коркутуп, сөгүп, тынч жашоо бербей келет. Март айында жолдошум тарабынан мага кол салуу болгон. Ошондо арыз жазгам, учурда сот процесси жүрүп жатат. Бул адам жоопкерчиликтен качып, дагы деле жашоомо коркунуч жаратып келет.

артисти аялым дебе дейт
кызганычтанго