super.kg logo

Түндүк Корея чек арадагы Түштүк Корея менен кызматташуу боюнча иш алып барган штабын жардырды

 

Бүгүн, 16-июнда Түндүк Кореянын аскер кызматкерлери чек арадагы Түштүк Корея менен кызматташуу боюнча иш алып барган штабын жардырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Штаб Түндүк Кореянын Кэсон деген шаарында жайгашкан. Эки өлкөнүн ортосундагы байланышты жүргүзгөн мекеменин имараты жардырылганын Түштүк Кореянын бийлиги тастыктады. Өз учурунда Түндүк Кореянын бийлиги да кеңсе толугу менен жардыруу жолу аркылуу жок кылынганын ырастады.

Ушул жылдын 9-июнунда эки жылдан бери биринчи жолу Пхеньян Сеул менен болгон бардык байланышын үзгөн. Буга Түндүк Кореяга каршы багытталган баракчалар себеп болгон. Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон бул окуяга байланыштуу комментарий берип жатып, Түштүк Кореяны "душман" деп атаган.

Аталган штаб 2018-жылдын сентябрь айында эки мамлекеттин ортосундагы мамилени жакшыртуу, кызматташууну жүргүзүү максатында ачылган эле. Анын курулушу үчүн, кийин тейлөө кызматына Түштүк Корея 20 миллион долларга чукул каражат сарптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: