Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталып, 193 адам каза болду
Орусиянын 82 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы жалпы 8 миң 248 адамдан аныкталды. 193 адам каза болсо, 9 миң 767 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 416;
Москва облусунда - 694;
Иркутск облусунда - 319;
Санкт-Петербург шаарында - 234 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 545 миң 458 адамдан коронавирус аныкталды. 7 миң 284 адам каза болсо, 294 миң 306 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.