super.kg logo
  Саясат  

Кубатбек Боронов Бишкек шаары жабылат деген маалыматты четке какты

 

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын күчөгөнү менен Бишкекке чектөөлөр азырынча киргизилбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июнда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун күч алышы болжолдонгондой эле болуп жатат. "Биз орточо оор баскычына келдик, кырдаал көзөмөлдө. Азырынча шаарда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү планда жок", - деди ал.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев коронавирус күчөп кетсе, шаар жабыла турганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Акыркы эки күндө 98 адам оору жуктуруп алды. Айтсак жаман көрөсүңөр, ишенбейсиңер, көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да, чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы катуу эскертүү. Санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Бет кап кийип, аралыкты сактагыла. Колуңарды жууп тургула. Укпасаңар, ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз", - деп жазган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: