Кызыл-Кыя шаарында жаңы мектеп ачылды
Кызыл-Кыя шаарында жаңы мектеп ачылды


Кызыл-Кыя шаарында жаңы мектеп ачылды

Мектептин ачылыш аземи

Жаңы мектепке Уркуя Салиеванын ысымы ыйгарылды

Мектептин ачылышына депутаттар катышты

Жаңы мектеп 210 окуучуга ылайыкталган
Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында 6-сентябрда жаңы
мектеп ачылганын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы (БДЖА) билдирди.
Салтанатка ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, депутаты Акылбек
Султанов жана БДЖАнын жетекчиси Сайид Баюми, ошондой эле облустук, шаардык
жетекчилер катышышты. Жаңыдан ишке кирген билим уясына Уркуя Салиеванын ысымы берилди.Мектеп 210 окуучуга ылайыкталган. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын
жетекчиси Сайид Баюми Кыргызстандыктар үчүн жакынкы аралыкта дагы көптөгөн
социалдык объектилерди курууга ою бар экендигин билдирди. Белгилей кетсек,
буга чейин Кызыл-Кыя шаарында 12 орто мектеп, 1 түрк лицейи болгон. Бул мектеп
13-болуп курулган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
Рейтинг:
0

