Мурдагы өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 14 миллиард сомго 1224 инфраструктуралык объектте курулуш иштери жүргүзүлгөнүн айтты
Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 14 миллиард сомго 1224 инфраструктуралык объектте курулуш иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруучулар менен жолугушууда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Мурдагы өкмөт башчы белгилегендей, эки жылда республикалык бюджеттин эсебинен 818 объектте курулуш иштери жүргүзүлдү, анын ичинде 266 социалдык объект ишке берилди. 99 жаңы мектеп, 8 бала бакча, 11 медициналык объект салынып, 54 мектептин имараты капиталдык оңдоодон өттү.
Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында өкмөт салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруунун электрондук системин киргизүүнүн негизин түптөдү.
"Бүт өлкөнү интернетке кошуу санариптик трансформациялоонун башкы жетишкендиги болуп саналат. Интернетти дээрлик ар бир айылга жеткирдик. Жарандарыбыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды каалаган жеринен, каалаган убакытта, каалаган түзүлүштөн оңой ала тургандай системди түздүк", - деп белгиледи ал.
Мурдагы өкмөт башчы ошондой эле "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашырылганына басым жасады.
"Кыргыз Республикасынын бүт аймагын камтый турган бул долбоордун экинчи баскычы боюнча тендерлер аяктады. Республиканын жолдорунда 2500 видеокамера орнотулат", - деди мурдагы премьер-министр.

