Жалал-Абад. 3 спортчу дүйнөлүк чемпиондукка ат салышат
Жалал-Абад облусунан бел боо күрөшү боюнча 3 спортчу 19-сентябрда Польшада өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна барат. Ал эми мамлекеттен жалпы 14 спортчу барарын КРнын Бел боо күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Кабыл Бөрүбаев билдирди. Айтымында, Дүйнө чемпиондугу Белосток шаарында өтүп, ага Чыңгыз Турдуев (80 кг), Руслан Табалдиев (100 кг) жана Нурбек Аканов (100 кг) катышат. "Биздин спортчулар 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин ошол жакта болушат. Учурда даярдыктар жүрүп жатат",- дейт машыктыруучу.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

