Бишкекте батуттардын иштөөсүнө жана велосипеддерди ижарага берүүгө тыюу салынды

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койгон.
"Ишкерлер иштерин ыйгарым укуктуу органдардын уруксаты болгондон кийин жана борбор шаардагы эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин баштаса болот. Буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу Бишкектеги төрт райондун башчыларына тапшырылды, ага баш ийбей ишин уланткандар Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси менен жоопко тартылат.
Урматтуу шаар тургундары, сейил бактарда, көчөлөрдө ачык сатылган тамак-аштарды сатып албаңыздар. Бул өзгөчө пандемия учурунда кооптуу. Ишкерлерди адамдардын ден соолугун тобокелге салбай, бардык санитардык талаптарды сактоо менен иштөөсүнө чакырабыз", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

башка жумуш орду жок болсо этеп жан багып келет