super.kg logo

Казакстанда коронавирустан бир суткада 7 бейтап каза болду

 

Казакстанда сутка ичинде 350 жарандан коронавирус аныкталып, өлкөдө ооругандардын саны жалпы 15 миң 542ге жетти. Казак басылмаларынын маалыматы боюнча, акыркы суткада 259 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылса, 7 киши каза болду. Муну менен коңшу өлкөдө айыккандар - 9 миң 647, каза болгондор - 88ге жетти.

Ооруп калганы аныкталган бейтаптардын арасында 6 миң 175 жаранда илдеттин белгилери байкалбай өтүп жатат.

Коңшу өлкөнүн айрым аймактарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Мындан улам бийлик дагы бир аймакта, тагыраагы, Кызылорда облусунда карантин чараларын күчөтүп, бир катар ишмердүүлүктөрдүн ишин токтотту. Ал эми эпидемиологиялык абал турукташканга чейин облус тургундарына эл көп топтолуучу жерлерде медициналык бет кап тагынуу милдеттендирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: